КЫРГЫЗСТАН ПРОКТОЛОГДОР АССОЦИАЦИЯСЫ

|
KG
Проктолог-дарыгерлер үчүн курстарды, вебинарларды жана конференцияларды уюштурабыз
Биз эмне кылабыз:
Клиникалык протоколдорду иштеп чыгабыз.
Илимий макалалардын жана изилдөөлөрдүн жарыялануусун колдойбуз.

Биз жөнүндө

Кыргызстан Проктологдор Ассоциациясы 2021-жылдын 19-октябрында түзүлүп, анын негизги максаты — проктология тармагындагы адистерди бириктирүү, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана көтөн чучук менен аналдык каналдын ооруларын дарылоонун инновациялык ыкмаларын киргизүү болуп саналат.

Биз дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууга, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзө турган кесиптик коомчулукту калыптандырууга умтулабыз.
Кыргызстан Проктологдор Ассоциациясынын максаттары жана милдеттери

Ассоциациянын максаттары:

Ассоциациянын милдеттери:

Кыргызстандагы проктологдордун кесиптик коомчулугун түзүү аркылуу көтөн чучук жана аналдык канал ооруларын диагностикалоо жана дарылоо жаатында тажрыйба, билим жана инновациялар менен бөлүшүүнү камсыз кылуу.
Диагностика жана дарылоонун сапатын жогорулатуу:
Проктология тармагында диагностика жана дарылоонун ыкмаларын өркүндөтүү, Кыргызстан жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын деңгээлин көтөрүү.
Медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу:
Проктология жаатындагы илимий изилдөөлөрдү колдоо жана өнүктүрүү, заманбап дарылоо ыкмаларын жана технологияларды киргизүү.
Илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү:
Проктологдордун жана башка медициналык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин арттыруу үчүн билим берүү иш-чараларын, курстарды, семинарларды жана тренингдерди уюштуруу.
Адистердин квалификациясын жогорулатуу:
Проктологиялык оорулардын алдын алуу боюнча маалыматты жайылтуу жана калктын өз убагында диагностика жана дарылоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу.
Коомдук саламаттыкты сактоого көмөктөшүү:
Конференциялар менен семинарларды уюштуруу – адистердин тажрыйба алмашуусуна, билим деңгээлин жана квалификациясын жакшыртууга багытталган илимий жана практикалык иш-чараларды өткөрүү.
1
Стандарттарды жана клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу – ооруларды диагностикалоо, дарылоо жана көтөн чучук ооруларынын алдын алуу боюнча сунуштарды даярдоо жана жайылтуу.
2
Башка медициналык уюмдар жана ассоциациялар менен кызматташуу – дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды киргизүү үчүн эл аралык жана жергиликтүү медициналык мекемелер менен кызматташтыкты бекемдөө.
3
Кыргызстан Проктологдор Ассоциациясынын артыкчылыктары
Кесиптик
коомчулук
Ассоциация проктолог-дарыгерлерге тажрыйба, билим жана практикалык көндүмдөр менен бөлүшүүгө шарт түзөт. Бул адистердин кесиптик өсүшүнө жана медициналык жардамдын сапатынын жогорулоосуна көмөктөшөт.
Ассоциациянын мүчөлөрү курстарга, семинарларга, тренингдерге жана конференцияларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, өз квалификациясын сактап, өркүндөтүп турушат.
Ассоциация проктологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын активдүү киргизет. Бул дарыгерлерге медицинанын алдыңкы катарында болууга жардам берет.
Илимий публикациялар жана изилдөөлөр
Ассоциация проктология тармагындагы илимий изилдөөлөрдү колдойт. Бул мүчөлөргө жаңы илимий маалыматтарга жана медицинанын соңку жетишкендиктерине жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Адистердин кызыкчылыктарын коргоо
Репутация жана ишеним
Ассоциация проктологдордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт, ошондой эле өлкөдөгү медициналык жардамдын сапат стандарттарын иштеп чыгууга салым кошот.
Ассоциациянын мүчөсү болуу – жогорку адистик деңгээлдин көрсөткүчү. Бул проктолог-дарыгерлердин кесиптик беделин бекемдеп, алардын медициналык жардам көрсөтүүдө ишенимдүү жана заманбап адис экендигин тастыктайт.
Билим берүү ресурстары
Заманбап методдор жана технологиялар менен камсыздоо
Структура ассоциации
Сыдыков Урматбек Омарович
Анарбаева Акбермет Алмазбековна
Мадаминов Абдумуталиб Моминович
Субанов Амантай Алтымышевич
Бектенов Ызакжан Абдыралиевич
Кыргызстандын Проктологдор ассоциациясынын төрагасы, хирург - лазердик проктолог, «DS Clinic» клиникасынын негиздөөчүсү жана башкы дарыгери.
Кыргызстандын Проктологдор ассоциациясынын катчысы, врач-проктолог, Эл аралык жогорку медициналык мектебинин (ЭЖММ) хирургиялык оорулар кафедрасынын ассистенти.
м.и.д., Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун жалпы жана факультеттик хирургия кафедрасынын профессору
Кыргызстандын Проктологдор ассоциациясынын катчысы, врач-проктолог, Эл аралык жогорку медициналык мектебинин (ЭЖММ) хирургиялык оорулар кафедрасынын ассистенти.
м.и.к. (медицина илимдеринин кандидаты), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы проктологу.
Сүрөт галереясы